super.kg logo

Жээнбек Кулубаев KOICA президенти Сон Хюк Санг менен жолугушту

 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Сон Хюк Санг менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө, Кыргызстандын Корея өкмөтүнөн өнүктүрүү боюнча расмий жардам алуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгенин жана ушул жылдын январь айында корей тараптан бекитилген экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстанга көмөк көрсөтүү стратегиясын эске алып, KOICA аркылуу гранттык жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алышты.

"Тараптар учурдагы долбоорлорду ишке ашырууну жана 2024-жылга карата артыкчылыктуу багыттарда: мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, жашыл экономика, экология, айыл чарба, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо жана коопсуздук боюнча долбоордук өтүнмөлөрдү илгерилетүү маселелерин талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Министр белгилегендей, кыргыз тарап KOICAнын ишмердүүлүгүн жогору баалайт жана өкүлчүлүктүн Кыргызстанда болушу өлкөнүн түрдүү тармактарда өнүгүүсүнө кошумча стимул берет. Министр билдиргендей, эгемендүүлүк алгандан бери KOICA Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болуп калды.

Кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарында биргелешкен долбоорлорду көбүрөөк ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде президент Сон Хюк Санг KOICA`нын Кыргызcтандагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өзгөчө Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардамдын көлөмүнүн өскөнүн белгиледи. Ал өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, KOICA`нын кыргыз тарап менен эффективдүү өз ара аракеттенүүсүн жогору баалады.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев KOICA'нын президенти Сон Хюк Сангды жакын арада Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: