super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы. Үйлөрү өрттөнгөндөргө 87,4 миллион сом кенемте төлөндү

 

Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунда Баткендеги үйлөрү өрттөнгөндөргө кенемте төлөп берүүгө 87,4 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баткен облусунда жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 328 миллион 359 миң 780,68 сом чогулуп, анын 87 миллион 424 миң 455 сому сарпталды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Атайын эсепте 245 миллион 833 миң 518,65 сом калды (өткөн жылдагы 4 898 192,97 сом суммасындагы калдыкты эске алуу менен).

Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон. Ал эми Тажикстан расмий түрдө 41 адам каза болгонун билдирген.

Мындан сырткары 200 миңге жакын Кыргыз жараны коопсуз жайга эвакуация болууга аргасыз болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: