super.kg logo

"23 миң сомго чейин айып салынат". Мэрия жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат

 

Бишкек шаардык мэриясы жашоочуларды таштанды жана жалбырактарды өрттөгөн учурда айып пул салынарын эскертет. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Урматтуу шаар тургундары! Таштанды жана жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн чара көрүлөрүн эскертебиз.

Күздүн келиши менен көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан жалбырактарды өрттөө фактылары көп катталууда.

Кургак чөп күйгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адамдын организмине, айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Мындан тышкары шамалдын деми көбүнчө өрткө жана кайтарылгыс кесепеттерге алып келет.

Белгилей кетсек, мындай мыйзам бузуу үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык, 7500 сомдон 23 000 сомго чейин административдик айып каралган", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: