Жалал-Абадда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдоо митинги өттү
Бүгүн, 24-октябрда Жалал-Абадда өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдоо митинги өттү.
Митингге 500дөй жаран чыгып, алар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев туура саясат жүргүзүп жатканын белгилешти.
"Биз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдойбуз. Бизге алардан башка эч кимдин кереги жок. Алар бизге хан болуп, мамлекетибизди өнүктүрөт деп ишенебиз. Аларды көздүн карегиндей сактайбыз. Кыргызстан тынч болуп, өнүгүп-өсө берсин. Ошого биз Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге көмөк көрсөтүп, салым кошобуз", - деди митингге чыккандардын бири.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте кармалган активисттерди бошотуу талабы менен жөө жүрүш болуп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Marat00789

24.10.2022. 17:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй кайдагы хантсво? Кичине бир жакка чыгаарда же айтарда ойлонуп айткылачы....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.