Кыргызстандын окуучулары жол кыймылынын жаш инспекторлорунун XVII эл аралык слётуна катышууда






Кыргызстандан барган окуучулар Краснодар крайында өтүп жаткан жол кыймылынын жаш инспекторлорунун XVII эл аралык слётуна катышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, слёттун салтанаттуу ачылышында Кыргыз өлкөсүн “Радар” командасы тааныштырган. Борборубуздагы №1 мектеп-интернатынын тарбиялануучулары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз өнөрлөрүн жана чеберчилигин көрсөтө алган.
Белгилей кетсек, 1973-жылдын 6-марты ЖКТ отряддарынын туулган күнү болуп эсептелет. ЖКТнын экинчи Бүткүл союздук слёту 1982-жылы Фрунзе шаарында болуп өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.