Баткенде соода борборунан акча уурдаган эки өспүрүм кармалды
Баткен шаарында соода борборунан акча каражатын уурдаган эки өспүрүм кармалды. Бул туурасында облустук милиция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү белгисиз жарандар тарабынан шаардагы соода борборунун айнегин сындырып, ичиндеги кассадан болжол менен 5000 сом акча уурдап кеткен.
Шектүү катары Лейлек районунун Катраң айылынын жашы жете элек эки бала аныкталып, кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүмдөр буга чейин дагы 7 факты уурулук иштерин жасап жүргөнү аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, кылмыштын бети “Антирэкет, зордук-зомбулукка каршы” аталышындагы иш-чаранын алкагында ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.