super.kg logo

"Бирөөнүн батирин ижарага берип салган". Шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкекте ижарага алган батирди башка бирөөгө ижарага берип салган жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 28-сентябрда С.Н. аттуу кыз милицияга арыз менен кайрылган. Анда Н. аттуу жаранга чара көрүүнү сураган. Анткени Панфилов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн батирди ижарага алып, үйдүн ээси менен жолугуп, 34 миң сом берген. Бирок ал батирди бир суткага эле ижарага алганы белгилүү болду.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Шектүү 26 жаштагы Ш.Н. аттуу жаран болуп, ал Ош облусунан табылып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жарандын жанынан бир катар сим-карта жана уюлдук телефондор алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.10.2022. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Юридиклык терминдерди жаза албасанар жазбай эле койгулачы! «Баш коргоо чарасы эки айга алуу турунду тандалды», дегенди кандай тушунсо болот??? Эки айга СИЗОго соттун чечими менен кирет. Тергоочу сотко кайрылат, шектуунун баш коргоо чарасын карап бериниз деп. Баш коргоо чарасы эки айга тергоо абагына калтырылды деп жазса туура болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: