super.kg logo

Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сомун уурдоого шектүү кармалды

 

Токмок шаарындагы мал базарга жылкы алууга барган карыянын 120 миң сом акчасын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG порталына Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган Г.У. аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү 120 000 сом зыяндын ордун толтуруп, андан ары жабырлануучуга өткөрүп берүү үчүн тергөө органдарына өткөрүп бергендиги айтылат.

Буга чейин аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Анда аксакал мал базарга аш өткөрүү үчүн жылкы алганы келгендиги айтылган. Ага базарга келген башка жарандар 115 миң 500 сом чогултуп берген. Арасында карыяга топтолгон каражатты накталай бергендин ордуна жылкы сатып берүүнү сунуштап чыккандар да болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.10.2022. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууру ошондон бери акчаны иштетпей жургонбу же боорукер ууру болуп калабы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: