super.kg logo

21 саясатчы жана активист тергөө абагына киргизилди

 
Бишкекте кармалган 22 саясатчы жана жарандык активисттердин бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда 24-25-октябрь күндөрү каралды. Натыйжада соттун чечимине ылайык, 21 жаран тергөө абагына киргизилип, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Алар:
  • активист Чыңгыз Капаров - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
  • активист Айданбек Акматов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
  • активист Али Шабдан - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
  • саясатчы Азимбек Бекназаров - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
  • саясатчы Равшан Жээнбеков - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
  • экс-депутат Асия Сасыкбаева - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
  • активист Таалайбек Мадеминов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
  • активист Айбек Бусурманкулов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
  • саясатчы Перизат Суранова - эки айга Бишкектеги СИЗО-1ге;
  • журналист Эрлан Бекчороев - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
  • активист Улукбек Маматаев - эки айга Бишкектеги СИЗО-1де;
  • активист Гүлнара Журабаева - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
  • экс-депутат Кубанычбек Кадыров - эки айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге;
  • УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев - эки айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге;
  • активист Нурлан Асанбаев - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
  • саясатчы Бектур Асанов - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
  • Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова - Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга;
  • укук коргоочу Рита Карасартова - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга;
  • саясатчы Жеңиш Молдокматов - Бишкектеги СИЗО-1де эки айга;
  • активист Атай Бейшенбек - Бишкек шаарындагы СИЗО-1де эки айга.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын учурунда бир аз убакыт төрагалык кызматты аркалаган Канат Исаев бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ал эми Талант Эшалиев болсо ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттерди кармап кеткен. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: