super.kg logo

Эдил Байсалов Баткен облусундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ал Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун эс алуу жайынын иши, футбол аянтчасынын, ошондой эле операциялык бөлүмүнүн абалы менен таанышты.

Сапардын алкагында Эдил Байсалов 500 окуучуга эсептелген №3 У.Салиева атындагы орто мектептин аймагында болуп, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты, ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын БАМ кичи районундагы жаңы спорт залынын ачылыш аземине катышты.

Жумушчу сапарынын соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары борбордук стадионго барып, машыктыруучулар курамы үчүн жаңы заманбап имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: