super.kg logo

Баткен коогалаңына 23 жыл. Окуяда курман болгондор эскерилди

 

Баткен шаарында Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган мекеме ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасы эстеликке гүлчамбар коюу менен башталды. Катышуучулар Баткен коогалаңын кайгыруу менен эскерип, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, эрдиктери баа жеткис экенин баса белгилешти.

Андан соң курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду.

Баткен коогалаңы 1999-жылы орун алган. Анда аталган аймакка экстремисттик уюмдардын куралдуу тобу кол салган. Ага жалпысынан 400дөн ашык киши катышып, 53 киши курман болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: