27-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу болбойт
Эртең, 27-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эртең саат 9.00дөн 17.00гө чейин ЧЧКнын Чыгыш каналы, Достоевский көчөсү – темир жол линиясы Аламүдүн суусуна чейинки чектешкен райондо турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемесинде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү суу токтотулат", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай суу "ХБО" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууларын суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.