super.kg logo

Дүйнөдөгү эң кир адам жуунгандан бир нече айдан кийин каза болду

 

Дүйнөдөгү эң кир адам жуунгандан бир нече айдан кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Аму Хажи аттуу карыя 94 жашта болчу. Ал Ирандын Фарс провинциясынын түштүгүндө жашачу. Карыя ээн талаадагы бузулган үйдүн жалгыз тургуну болгон.

Жергиликтүү жашоочулардын жана журналисттердин айтымында, Аму акыркы 60-80 жыл бою жуунган эмес. Дүйнөлүк ММКлар ага "Дүйнөдөгү эң кир адам" деген лакап ат коюп коюшкан.

Аму Хажи 60-80 жылдан кийин, акыры жуунган. Бул окуя 2-3 ай мурун болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жуунгандан кийин Аму ооруп, 23-октябрь, жекшемби күнү 94 жашында каза болгон.

Ал 20 жашында суу мага бактысыздык алып келет же акыр аягында мени өлтүрөт деп жуунгандан баш тарткан. Эмнеден улам мындай кадамга барганын такыр айткан эмес же эсинде жок болушу мүмкүндүгү айтылган. Себеби ал психологиялык жактан жабыркап келген.

Ал өзүн толук кандуу бактылуу сезээрин айтып келген. Болгону жакын адамынын жоктугун арман кыларын жана өзүнө ылайыктуу түгөйүн табуудан эч үмүтүн үзбөй турганын билдирген жайы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: