super.kg logo

Жамгырлуу күндөгү Бишкек ЖЭБинен фоторепортаж

 

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек жылуулук борборуна журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду. Анда ЖЭБдин иш процесси көрсөтүлүп, күз-кыш мезгилине көрүлгөн камылга тууралуу маалыматтар берилди.

Алгач ЖЭБдин босогосун аттар замат ишкананын башкы инженери Павел Иконников калаага жылуулук бериле баштаганын айтып кубандырды.

Ал билдиргендей, шаардагы бардык объекттерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат.

"Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр. Дүйшөмбү күнү шаардык мэрияда штабдын жыйыны болду. Анда бүгүндөн баштап калаага жылуулук берүү чечими кабыл алынды. Ага ылайык, бүгүндөн баштап объектилерди параметрлер боюнча жылуулукка кошуп баштадык. Алгач ооруканалар, бала бакчалар, мектептер жылуулукка кошулат. Андан соң турак жайлар", - деди ал.

Калааны кыш мезгилинде жылуулук менен толук камсыз кылуу үчүн 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Учурда ишкананын кампасында 257 миң тонна көмүр бар.

"Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБдин кампасында 257 миң тоннадан ашык көмүр бар. Кампага 350 миң тоннага чейин көмүр батат. Быйыл күз-кыш мезгилине 1 миллион 100 тонна көмүр жергиликтүү көмүр, 400 миң тонна көмүр импорттук негизде алуу пландалган. Азыркы учурда күн сайын "Кыргыз көмүр" ишканасы 3-4 миң тонна көмүр түшүрүп жатат. Ал эми импорттук көмүр 1-ноябрдан баштап келе баштайт.

Учурда бир күндүк керектөө 4,5 миң тоннанын тегерегинде көмүр сарпталат", - деди башкы инженердин орун басары Нурлан Кульжигачев.

Ишкананын тарыхына кайрылсак, Бишкек шаарынын ЖЭБинин курулушу 1958-жылы башталган. Саатына 160 тонна буу чыгарган үч энергетикалык казандарды жана буунун теплофикациялык ылгоо менен жалпы электр кубаттуулугу 60 миң киловатт болгон эки турбоагрегатты орнотуу долбоордо биринчи кезекте каралып, 1961-жылдын 14-сентябрында ишке биринчи турбоагрегат киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: