Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бүгүн, 26-октябрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырмайынча күчүндө болот.
"Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери керектүү жерлерде жолду кардан тазалап жатат. Жолго чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп билдиришти Транспорт министрлигинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.