Кытай Тайванга каршы күч колдонбоону убада кылуудан баш тартты
Кытай бийлиги Тайванды материк менен бириктирүү үчүн согуштук күч колдонбоого убада бербейт. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик кеңешине караштуу Тайвань иштери боюнча башкармалыгынын расмий өкүлү Ма Сяогуан билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Биз аскердик күч колдонуудан баш тартабыз деп убада бербейбиз. Кытай бардык зарыл чараларды тандоо укугун сактап калат", - деген ал.
Мындан тышкары Сяогуан Пекин Тайвань менен тынчтык жолу менен биригүүнү жактаарын белгилеген.
Пекин өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептеген Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин 2-августта Тайбэйге жасаган иш сапарынан кийин кескин курчуп кетти. Саясатчы талаштуу аралга Кытайдын каршылыгына карабай барган. Пелосинин сапарына жооп иретинде Пекин Тайвань аймагында чоң масштабдагы аскердик машыгууларды баштаган.
