super.kg logo

"Макул эмеспиз". ДНК жансыз дене дайынсыз жоголгон Дастан Анарбеков экенин тастыктады

 

Коңшу Тажикстандын кол салуусунан улам дайынсыз болуп жаткан Дастан Анарбековго таандык делген жансыз дененин ДНК тести дене Дастан Анарбековго таандык экенин көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Дастан Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева билдирди.

"ДНК тесттин жыйынтыгы чыкты. Тесттин жыйынтыгы жансыз дене уулумдуку экенин тастыктаптыр. Бирок биз буга макул эмеспиз. Бизди официалдуу чакырып анан ДНК тесттин жыйынтыгын көргөзүшкөн жок. Жолдошум гана тергөөчү чалса келиңиз деп, барса андан кийин гана ДНК тест чыкканын айтыптыр.

Жолдошумдан канды 21-сентябрь күнү алышыптыр. Бирок кан 6-октябрда жөнөтүлгөн. Канды сактоо мөөнөтү 3 эле күн болот да. Ошондуктан биз бул ДНК тесттин жыйынтыгына макул эмеспиз", - деди Сауле Иманалиева.

Баткендин Достук айылындагы чек ара тозотунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан Дастан Анарбеков 17-сентябрдан бери дайынсыз. Мындан улам уулун жоготкон эне Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине уулун Тажикстандан издеп берүү өтүнүчү менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: