"Азия ханбийкеси" Саадат Турусбекова: "Мекениме жеңиш менен кайтып келгениме кубанып турам"






"Сынакта мындай ийгиликке жетем деп күткөн эмесмин. Өлкөмө жеңиш менен учуп кетем деп абдан сүйүндүм", - дейт модель Саадат Турусбекова SUPER.KG порталына интервью берип жатып.
"Эл аралык сынак аябай жогорку деңгээлде уюштурулду. Бул менин сулуулук сынактарындагы алгачкы тажрыйбам. Кыргызстандын атын татыктуу коргоп келгениме кубанып турам. Жеңишим Кыргыз эли жана мекеним үчүн арналат. Конкурс жеңил болду деп айта албайм. Талаптары жогору, эл аралык деңгээлдеги чоң масштабдуу иш-чара болду. Мага илинген жоопкерчиликти да сезип турдум. Андыктан бар күчүмдү топтоп, өлкөбүздү ийгиликтүү таанытуу үчүн болгон аракетимди жасадым. Менимче жыйынтыгы жаман болгон жок", - дейт сулуулар сынагынын катышуучусу.
Саадат Турусбекова 2001-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Балалык чагы дагы борбор калаада өткөн. Эки бир туугандын кичүүсү.
Учурда инновациялык технологиялар боюнча эл аралык университеттин акыркы курсунда менеджмент факультетинде окуйт.
Эскерте кетсек, модель Саадат Турусбекова Princess of the Globe 2022 деп аталган эл аралык сынакта "Азия ханбийкеси-2022" титулуна татыктуу болгон. Мындан сырткары тандалган жети сулуунун катарына кирген.
Эл аралык сынак 11-20-октябрь күндөрү Түркияда өтүп, ага 20 өлкөдөн барган сулуулар катышкан.

