super.kg logo

"Күндүз кымбат, түнкүсүн арзан". Энергетика министрлиги жаңы тариф киргизүүнү көздөөдө

 

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергияга “күн-түн” деп аталган жаңы тариф киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Жыйында эл өкүлү Элдар Сулайманов дүйнө жүзүндө электр энергиянын күндүзгү (кымбатыраак) жана түнкү (арзаныраак) тарифтери бар экенин айтып, министрдин программасында ушундай тарифтин бар же жок экендигин сурады.

Программабызда бар. Жана айтып кетпедимби, эсептегичтерди өндүргөн кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачылат. Ошол эсептегичтерге “күн-түн” деген тариф кирет. Акырындык менен 2 жыл болобу, 5 жыл болобу бул тарифке өтөбүз. Бүгүнкү күндө кээ бир санаторияларда колдонулат. Түнкүсүн арзан, күндүз кымбат төлөшөт. Ошондуктан тамак жасоону жана кийим жууп, үтүктөгөндү түнкүсүн кылат. Биздин ишкерлерге дагы пайдалуу болот эле” ,- деди министр.

Ошондой эле ал өлкөдө электр энергиясын колдонуунун жогорку чеги кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин экенин кошумчалады.

Депутат Элдар Сулайманов бул боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун эртерээк жазып келишсе, колдоого алышарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: