super.kg logo

"Окуучуларды коркутуп, тоноп жүргөн". Кызыл-Кыяда 17 жаштагы өспүрүм кармалды

 

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында окуучуларды коркутуп, тоноого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлери 24-26-октябрь аралыгында “Антирэкет” иш-чарасын уюштуруп, шаар аймагындагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында бир топ иштерди жүргүздү.

Мурда катталган кылмыштардын бетин ачууга балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери топторго бөлүнүп, 21-сентябрда катталган арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп, изин жашырып жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы М. аттуу тургунун кармаган.

Шектүү 2022-жылдын сентябрь айынын аягында Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдөрдү тоноп, акчаларын, телефондорун алып жүргөн төрт факт катталган.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп, тонолгон буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2022. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Занандысскей чипилдирик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: