Муфтияттын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу башталды
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен аймактардагы дин кызматкерлерин окутуу башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, имамдардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган бул курста Куран, тавжид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу боюнча тереңдетилген билим берилүүдө.
"Сабактын биринчи күнүн муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев өзү өтүп, имамдарды илим алууга кызыктырды. Аталган окутууга ар бир казыяттан имамдар келген жана окутуу пландуу түрдө окутулат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.