super.kg logo

Блогер Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды

 

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык сотунда блогер, активист Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны үй камагына чыгаруу чечими чыкты.

10-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан чечим чыгарган. Ал №1 тергөө абагында болчу.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Анда ал Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакыртылып, Фейсбукка тараткан УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүнө жооп берген.

Милиция "Полит Узник" баракчасындагы жарыяланган эски видео "Жетим-Тоо" кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталгандыгы байкаларын билдирип, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине (Массалык башаламандык) ылайык кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: