super.kg logo

Ош шаарында эртеңден тарта жылуулук берилет

 

Ош шаарында эртең, 28-октябрдан тарта бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, Ош шаарынын мэриясында кыш мезгилиндеги жылуулук маселеси боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп өттү.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов 28-октябрдан баштап бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берип баштоо боюнча буйрукка кол койгон.

Маалым болгондой, каттын негизинде бир катар саламаттыкты сактоо мекемелерине (облустук төрөт үйү жана шаардык төрөт үйү) 22-октябрдан баштап, айрым социалдык объектилерге (“Боорукердик” интернаты, №81 “Балапан” балдар бакчасы) 24-октябрдан тарта жылуулук берилген.

Тиешелүү кызматкерлерге жашоочулар арасында үйлөрдүн жылуулук тармактарын текшерип, даярдоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: