super.kg logo

Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол уюштурулду (фото)

 

Кечээ, 26-октябрда Казакстандын Улуттук академиялык китепканасында кыргыз-казак чыгармачыл интеллигенциясынын катышуусу менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.

Кабарлангандай, тегерек стол 26-29-октябрь аралыгында Казакстанда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулду.

Иш-чарага Казакстандын маданият жана спорт вице-министри Нуркиса Дауешов катышып, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн Астана шаарында өтүшү тарыхый иш-чара экендигин белгилеп, мындай байланыштар эки элдин достугун бекемдеп жана чыгармачылык байланыштарга чоң жол ачат деп белгиледи.

Андан соң манастан үзүндү угулуп, мындай жолугушууга негиз болуп жаткан Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бейнесине арналган даректүү тасма көрсөтүлүп, жазуучунун жашоосундагы Казакстандын орду, чыгармачылык байланыштары тууралуу маанилүү жана урунттуу учурлар белгиленди.

Жолугушуу учурунда эки тараптын чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү алмустактан келе жаткан кыргыз-казак достугу, улуттук адабияттагы, чыгармачылыктагы жана илимдеги байланыштар, сакталып келе жаткан бай мурастар талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: