super.kg logo

Мурдагы каржы полициясынын кызматкери ишкерден акча талап кылууга шектелип кармалды

 

Ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

ИИМдин Тергөө кызматына октябрь айында Баткен облусунун тургуну кайрылган. Анда ал май айынан ушул күнгө чейин опузалоо жана коркутуу жолу менен 3 миллион сом акча каражатын талап кылып жаткан бейтааныш жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле шектүү Бишкектен эки батир, акча талап кылган. Мындан тышкары ал кийинчерээк ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кылган.

Шектүү 25-октябрда 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 миң долларды түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен кармалган. Ал Баткен облусунун 48 жаштагы Д.Д. аттуу тургуну болуп чыкты.

Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери жана мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: