Кызыл-Аскерде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кошумча имараты курула баштады
Бишкектин Кызыл-Аскер конушунда №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кошумча имараты курулууда. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалым болгондой, жаңы имарат 4 кабаттуу, жер төлөсү менен болуп, 150 бейтапты кабыл алууга ылайыкталган. Анын жалпы аянты 1402 чарчы метрди түзөт.
Кошумча имаратта ЭКГ, УЗИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация бөлмөлөрү, жуунуучу жайлар болот.
Мындан тышкары долбоордо аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.