Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды

"Кыргызавтожол" ишканасы билдиргендей, убактылуу коюлган чектөөлөр бүгүн, 27-октябрда саат 9:20дан тарта алынган.
"№9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 26-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.