super.kg logo

Эл өкүлү Баткенден келген студенттерге жеңилдик берүүнү демилгеледи

 

Кыргыз-тажик окуясына байланыштуу кээ бир студенттер окууга келбей калып, окуядан улам окууга көңүлдөрү да жок болгон. Азыр модулдар башталып, коррупцияга батып калган окуу жайлар алардан 2000ден 5000ге чейин акча талып кылып жатышат. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Айбек Маткеримов билдирди.

“Кечээ мага Баткендин тургундарынан, жогорку окуу жайда окуп жаткан студенттерден кайрылуу келди. Соңку болгон каргашалуу окуяны эске алып, баткендик студенттерибизге бардык окуу жайдан, кышкы сессиялардан жеңилдик берип, автоматтык түрдө зачётторун коюп берсе, кийин окууларын улантып кетет эле. Анткени алар өтө чоң психикалык жабыр тартышты. Менимче алардын окууга да көңүлү жок”, - деди Маткеримов.

Эске салсак, ушул жылдын 14-16-17-сентябрь күндөрү орун алган Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 63 Кыргыз жараны шейит кетти. Жабыркагандардын саны 200гө чамаласа, 200 миңге жакын жаран эвакуацияланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.10.2022. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу депутатыбыз озунун сабатсыздыгын корсотуп жатат. Ар бир семестрдеги сабактар бири - бири менен байланыштуу экенин тушунбойтко. Женилдик берип автоматтык турдо зачет койгондо алар окубай калышат. Кийин семестрде андан да кыйналат. Ошондук урматтуу депутат контрактык негизде окуган студенттерге окуу толомуно женилдиктерди кылып берсениздер ошол жакшыраак болот деген ойдомун. Ушул маселени которуп чыксаныз жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: