"9 миң сом айып пул салынды". Бишкекте баш аламан соода-сатыкка каршы күрөш уланууда





Бишкек шаарында баш аламан соода-сатыкка каршы күрөш уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Октябрь районун биринчи орун басары Майрамбек Адылбековдун жетекчилиги алдында акимиаттын, шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери менен биргеликте рейддер өткөрүлдү.
"Тунгуч кичи районунда баш аламан соода жоюлуп, муниципалдык жерлер мыйзамсыз ачылган соода түйүндөрүнөн жана жарнамалардан бошотулду. Рейддердин жыйынтыгында, 16 баш аламан пункт алынып, уруксатсыз орнотулган 2 жеңил объект демонтаждалган, ошондой эле Анкара көчөсү мыйзамсыз коюлган жарнама баннерлеринен тазаланды.
Рейддик иш-чаралар планга ылайык жума сайын өткөрүлүп турат. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесине ылайык, протоколдор түзүлүп, жалпы 9 миң сомго айып пул салынды", - деп жазылат маалыматта.

