ЖОЖдорго кайрадан аскердик кафедра киргизүү каралууда
Жогорку окуу жайларга аскердик кафедра киргизүү каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев билдирди.
Айтымында, буга чейин өлкөдөгү ЖОЖдордо аскердик кафедралар жоюлган болчу.
"Бир гана Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайында аскердик кафедра бар. Башка ЖОЖдордо жоюлуп кеткен. Запастагы аскерлерди даярдоо үчүн жогорку окуу жайларга аскердик кафедра киргизүү боюнча жетекчилик тараптан сунуштар берилген", - деп билдирди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bosmos77777

27.10.2022. 14:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура! Мектептик окууда даагы " Курал"ды кармоону, тазалоонуу, согушунун ыкмасы, эрежелерин тааныштыруу керек. ЖоЖдордун санын кыскартуу, сандан сапатка отуу керек. ЖоЖдо . Аскердик окууну тажырыйба турундо коруп, окуп уйронуудо. Ок даарыны кенен беруу керек. Баардык заманбап курал жарактын турлорун алып келип. Анан баягы Орустун эски жарактан чыккан куралын бере бербей. Турктор менен иштешип. Ошол жактан да. Мыкты куралдардын турлорун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.