super.kg logo

Эрбол Султанбаев: "Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам"

 

Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Султанбаев бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарылдыгын айтты.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат. Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17 - сентябрь күндөрүндөгү окуялар тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгына байланыштуу хостинг провайдер тарабынан сайттын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам", - деди Султанбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн өлкөдө бир канча медиалар "Күч чындыкта" акциясын уюштурушту. Анда басылмалар 9:00дөн 12:00гө чейин жаңылыктар чыккан жок.

Кыргызстандын медиа коомчулугу уюштуруп жаткан бул акция «Азаттык Медиасынын» сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө байланыштуу жарыяланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2022. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Турунду урайын, ырайы суук шакал! Сага окшогон мите курт шакалдардын айынан 30-жж коптогон алтын баштуу эр-азаматтарыбыз олуп кетти..... Ошолорду сага окшогон шакалдар жалган жалаа жаап каматкан.......
29.10.2022. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2 доопарастын кочук аарчыгычы..... Качан болсо актанып калптын ордогун учуруп жургону жургон, аферист шефине окшоп.......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: