super.kg logo

Таласта Казакстанга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган Өзбек жараны кармалды

 

Коңшу мамлекеттердин бирине кирүү үчүн паспортуна “кирүү” деген штампты жасалма кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кабарлангандай, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында паспортуна "кирүү" деген штампты жасалма кылып, "Чоң-Капка-унаа жолу" өткөрүү пунктунан Казакстанга өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын Фергана облусунун Кош-Тепин районунда 1984-жылы туулган Г.Ф. аттуу өзбек жараны кармалды.

Аталган факты "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

"Кармалган жаран Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: