super.kg logo
  Саясат  

Самаркандда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери жолугушту

 

Бүгүн, 28-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн парламент жетекчилери жолугушуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян жана Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова катышты.

"Тараптар ЕАЭБ алкагындагы айрым маселелер боюнча баарлашып, анын ичинен Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарынын эрдигин даңазалоо максатында "Эскерүү поезди" долбоорун биргелешип өткөрүү тууралуу сүйлөшүштү. Аталган долбоор менен Улуу Ата Мекендик согуш жүргөн аймактар боюнча каттамдар белгиленип, ал аркылуу биримдикке кирген өлкөлөрдүн жаштарына майдандагы эрдиктер жана урунттуу окуялар тааныштырылат",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: