Кыргыз-тажик чек арасында Баткен менен Исфаранын акимдери жолукту

Маалыматта айтылгандай, жолугушуу Кара-Бак айылынын Ляккон айылы менен чектешкен жеринде өттү.
"Жолугушууда чек ара аймактарында коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо, чарбалык-ирригациялык, эки элдин ортосундагы ынтымакчылыкты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо, уурулук, турак-жайларды, социалдык объектилерди талап тоноочулукка жол бербөө, өрт кырсыктарынын алдын алуу жана башка ушул сыяктуу маселелер каралды",- деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары сүйлөшүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.