Бишкекте Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата айтыш өтөт
9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында төкмө жана жазма акын, комузчу, обончу Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Айтыштын тандоо туру 8-ноябрда "Манас" кинотеатрында болот.
Ал эми жарым финал жана финалдык айтыштар 9-ноябрь күнү өтөт. Байге фонду 1 миллион сомду түзөт.
Иш-чараны маданият министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры, республикалык "Айтыш" коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду уюштурууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.