super.kg logo

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде ачылган эсепке 330 миллион сомдон ашык каражат чогулду

 

Баткенде Тажикстандын агрессиясынан кийин ачылган атайын эсепке 330,75 миллион сом чогулду. Бул тууралуу 30-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде өткөргөн жыйында айтылды.

Ага ылайык, анын 138 миллион 400 миң сому чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген.

"Баткен облусуна бөлүү пландалган 6-8 миллиард сомдун 4 миллиард 100 миллион сомго жакыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине түшкөн.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330,75 миллион сом кайрымдуулук жардам катары түшүп, анын 138,4 миллион сому чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга 250 миллион сом бөлүнгөн.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган 3 миллиард сомдун 1,3 миллиард сому каржыланган. Анын ичинен 1 миллиард сому – турак жайларды курууга, 300 миллион сому жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого багытталган", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кыргыз тараптан 63 адам курман болуп, 200гө жакыны жарадар болгон. Мындан сырткары 200 миңге жакын Кыргыз жараны коопсуз жайга эвакуация болууга аргасыз болушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: