super.kg logo

30 миң сом талап кылган. Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Ош шаарында 30 миң сомду опузалап талап кылганга шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Маалыматты Ош ШИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, шектүү октябрь айынын башында эки шериги менен Араван районунун тургунун талаага алып кеткени аныкталган. Ал жерден аны сабап, 30 миң сом акча талап кылган. Акчаны алгандан кийин кол салгандар качып кетишкен.

Аталган факты Ош ШИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде шектүүлөрдүн бири 25 жаштагы А.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды. Ал мурда соттолгон.

Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Кармалган жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешелүү болгон башка шериктештерин аныктоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: