super.kg logo

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга 978 адамдан билдирүү түштү

 

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышуу үчүн 978 адамдан билдирүү түштү.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, каттоо 17-октябрдан 28-октябрга чейин жүргүзүлгөн.

Система текшерүүдөн өткөндөн кийин катталган документтердин жана квитанциялардын так санын берет.

“Учурда райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн арыздар келүүдө. Бирок кээ бир документтердин жоктугунан же жетишсиздигинен айрым арыздар кабыл алынбай калышы мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жалпы республикалык тестирлөө 24-30-ноябрга чейин өтөт.

Кышкы кабыл алуу окуунун келишимдик формасына гана жүргүзүлөт.

Алдын ала маалыматка караганда, 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жай.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: