super.kg logo

Кызсайкал Кабылова: "Туулган күнүмдү жылдагыдай эмес, жакындарымдын курчоосунда эле өткөрөм"

 

Бүгүн, 31-октябрда өздүк майрамын эстрада ырчысы Кызсайкал Кабылова белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, бул жылы өздүк майрамын жылдагыдай белгилебей турганын билдирди.

"Жыл сайын дүңгүрөтүп, элдин баарын чакырып белгилечү элем. Быйыл чоңоюп калдымбы билбейм, бирок белгилебей эле коёюн дегем. Ага курбу кыздарым макул болбой коюшту. Ошондуктан жакындарымды эле чакырып, аз эле адамдын курчоосунда белгилеп коёлу деп жатабыз. Эртең мененден бери жакындарымдан, күйөрмандарымдан куттуктоолорду алып жатам. Ал эми биринчилерден болуп байкем куттуктап, алтын шакек белек кылды", - дейт ырчы.

Кызсайкал Кабылова 1999-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал "Кусалык", "Мен болоюн", "Ажырасак" жана башка ырлары менен белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.10.2022. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыр Аферист менен Камчы Доопарастын Жогорку Кенештеги чимкириктери Кемпирабаддын сатылышын комитетте колдоп беришти. Эми Аферист менен Мирзиеев кол койсо, Жогорку Кенештеги 70-80 чимкирик Кемпирабад сатылсын деп колдоп берет... Кемпирабадды сактап калуунун жалгыз жолу - Кемпирабаддын сатылышын кутпой, токтоосуз 2 доопарасты бийликтен кууп тушуу. Башка жол жок... Болбосо ата-бабаларыбыздан мурас калган стратегиялык жерден да, скудан да туболукко кол жууйбуз. Ойгонгула КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: