Ак-Босого конушуна кайың жана клён дарактарынын көчөттөрү отургузулду
Бишкектин Ак-Босого конушуна кайың жана клён дарактарынын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу калаа бийлигинен маалымдашты.
Анда айтылгандай, Биринчи Май акимчилигинин жамааты Ак-Босого конушунда ишембилик өткөрүп, жашыл аймакты тазалоого чыгышты.
Ошондой эле ишембиликке конуш тургундары, мектеп окуучулары, Батыш РЭС жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери активдүү катышышты.
Мындан тышкары Бириккен Улуттар Уюмунун күнүнө карата БУУнун миграция боюнча Эл аралык уюму шаарга дарактардын 70 көчөтүн берди. Алардын 40ы кайың жана 30у клён дарагы. Күзгү отургузууну өткөрүүгө "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жардам беришти.
"Тазалык" муниципалдык ишканасы ишембиликтен кийин таштандыларды чыгарууну улантууда.

