Ошто 4 мектепке жаңы дайындалган директорлор менен жыйын өттү






Бүгүн, 31-октябрда Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова сынактын жыйынтыгы менен бир нече күн мурун дайындалган төрт мектептин жаңы директорлору менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө окутуунун усулдарын өркүндөтүү, тийиштүү календарлык пландардын системасын өркүндөтүү, окутуу программалары талкууланды.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен Ош шаарынын билим берүү башкармалыгына жаңы жетекчилер менен консультациялык-методикалык иштерди жүргүзүү, алардын жаңы командада толук кандуу иш алып баруусуна шарт түзүү тапшырылды.
Мындан тышкары мугалимдерден да, мектеп окуучуларынан да негизсиз төлөмдөрдү болтурбоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле ар бир мектепте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн окуучуларынын тизмесин түзүү боюнча тапшырмалар коюлду.
Эске салсак, Ош шаарында 4 мектепке сынактын жыйынтыгы менен жаңы директорлор дайындалган.

