Эмгек министрлиги БУУнун өкүлчүлүгү менен Баткендеги аялдарга жардам көрсөтөт







Эмгек министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте Баткен облусундагы аялдарга жардам көрсөтөт. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте Баткен районунун чек арага жакын айылдарынын лидер айымдары жана активисттери менен мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурду.
Жыйынга Баткен районунун Самаркандек, Кулунду, Ак-Сай, Капчыгай, Орозбеков жана Ак-Турпак айылдарынан сентябрь айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аскердик кагылыштан жапа чеккен 130 аял катышты. Анда президенттик аппараттын, министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү Баткен облусундагы аялдарды колдоого жардам бере турган биргелешкен чараларды талкуулашты.
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Баткен облусунун туруктуулугу жана бейпилдиги кыйынчылыктарга карабай өлкөнүн тынчтыгын жана гүлдөп-өнүгүүсүн камсыз кылган аялдардын моюнунда экенин белгиледи.
"Сиздердин активдүү атуулдугуңуздар, тынчтыкты курууга болгон каалооңуздар, үйрөнүүгө жана жаңы көндүмдөрдү алууга даярдыгыңыздар - бул мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, жарандык коом Баткен облусунда тынчтыкты орнотуу, аймакты өнүктүрүү үчүн атмосфераны түзүү үчүн колдонууга тийиш болгон баалуу ресурс. Биз донорлор менен биргеликте Баткен облусунда аялдардын кризистик борборлорун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз, ал жерде облусту республикадагы алдынкылардын катарына чыгаруу үчүн системалуу жана прогрессивдүү иштер жүргүзүлөт", - деди министр.

