super.kg logo

SUPER.KG'нин каарманы Саламат Акматалиевдин операциясы ийгиликтүү аяктады

 

SUPER.KG'нин каарманы Саламат Акматалиевдин Түркия мамлекетиндеги операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу анын апасы Гүлнур Акжолтоева билдирди.

"Кудайга шүгүр, операция Түркияда жасалды. Операция 8 саатка созулуп, андан соң жандандыруу бөлүмүнө которулду. Буюрса, бир аз убакыттан соң палатага которуларын күтүп жатабыз. Учурдан пайдаланып SUPER.KG порталына, жалпы кыргыз элине ыраазычылыгымды билдиргим келет. Буюрса, жакшы болуп алсак бир айдан кийин мекенге кайтабыз", - деди апасы.

Белгилей кетсек, Саламат Акматалиев сколиоз (омуртканын кыйшайып өсүүсү) оорусу менен жабыркап келген. Операция үчүн 18000 доллар керектеле турганы айтылып, SUPER.KG порталы аркылуу мындан үч ай мурда кыргыз элине жардам сурап кайрылган.

26-октябрда каражат толугу менен чогулуп, Түркия мамлекетине учуп кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: