super.kg logo

Стамбулда Түрк медицинасынын дүйнөлүк конгресси өттү

 

Түркиянын Стамбул шаарында Түрк медицинасынын VIII дүйнөлүк конгресси өттү. Иш-чара 30-31-октябрь күндөрү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, конгресске Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана саламаттык сактоо тармагындагы окумуштуулар катышты.

Анын жүрүшүндө глобалдык жеткирүү чынжырларында кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүү, саламаттык сактоодогу изилдөөлөр, санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги, Түрк фармакопеясы жана аны колдонуу эрежелери боюнча илимий жолугушуулар болду.

"Конгресстин алкагында 31-октярбда Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу орун алды. Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу жана медициналык кадрларды даярдоо, “Биргелешкен ден соолук жумалыгын” уюштуруу, Түрк медицина дүйнөсү конгрессинин алкагында биргелешкен ден соолук бизнес форуму жана жарманкесин уюштуруу маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Мүчө мамлекеттердин вакциналарды, дары-дармектерди, медициналык буюмдарды жана материалдык муктаждыктарын сатып алуунун, биргелешкен альтернативдүү өндүрүш механизмдерин иштеп чыгуу, биргелешкен өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана ата мекендик өндүрүштөрдү өз ара таануу маселелери түрк тарабынан демилгеленди, аталган демилге мүчө мамлекеттер тарабынан колдоого алынды. 2023-жылы өткөрүлө турган 9-Түрк медицина дүйнөсүнүн конгресси Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүлө тургандыгы белгиленди.

Конгресстин алкагында Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын саламаттык сактоо министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар орун алды. Жыйынтыгында, Түрк медицина дүйнөсүнүн 8-дүйнөлүк конгрессинин жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Андан тышкары, “Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган катышты. Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Режеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: