super.kg logo

Бишкекте Кыргыз милициясынын күнү салтанаттуу белгиленди (фото)

 

Бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлигинин жыйындар залында милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, саамалыктын жүрүшүндө тартипти жана мыйзамдуулукту коргоо – коомдун, өлкөнүн жана мыйзамдын алдындагы асыл, ардактуу миссия жана эбегейсиз зор жоопкерчилик экени белгиленди.

Кесиптик майрамга карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөр менен айырмаланган бир катар кызматкерлерге президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктар тапшырылды.

Ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Ички аскерлеринин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана милиция кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 1-ноябрда өлкөдө Кыргыз милициясынын түптөлгөнүнүн 98 жылдык мааракеси белгиленип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: