Ысык-Көлдөгү мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин ысымы ыйгарылды



Ысык-Көлдөгү мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда билдиргенин өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалымдалгандай, ага Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө "шейх Заед бин Султан Аль Нахайян" географиялык аталышы ыйгарылган.
Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды.
Мухаммед бин Аль Нахайян сууну сарамжалдуу пайдалануу жана экологияга аяр мамиле кылууну жактаганы менен белгилүү болгон.
Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.
БАЭ президенти эмират элинин атынан терең ыраазычылык айтып, бул демилгени жогору бааларын белгиледи.








1 |