super.kg logo

Бишкекте жаштар саясаты боюнча ЖОЖдун биринчи жыйыны өтүүдө

 

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкекте Мамлекеттик жаштар саясаты боюнча Жогорку окуу жайларынын биринчи жыйыны өтүүдө.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, ЖОЖдордун проректорлору жана министрликтердин өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарада маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков "Келечек" платформасын презентация жасады. Анда жаштар саясаты боюнча аткарылып жаткан жана келечекте аткарыла турган иштер тууралуу айтылды.

Андан соң жыйын талкуу форматына өтүп, ЖОЖдордун проректорлору окуу жайларындагы жаштар саясаты жаатында артыкчылыктар жана кемчиликтерге токтолуп, сунуштарды айтышты.

Иш-чаранын катышуучулары өлкөдөгү жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча Жогорку окуу жайларынын Координациялык кеңешинин биргелешип аткаруу иш-чараларын талкуулашты.

Белгилей кетсек, иш-чара Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Маалымат үчүн: Координациялык кеңеш консультативдик жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Кеңештин максаты - Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга жаштардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү механизмдерин жакшыртуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: