Акылбек Жапаров: "Социалдык төлөмдөрдүн көлөмү кыскарбайт"
Бюджеттин тартыштыгынан улам социалдык төлөмдөрдүн көлөмү кыскарбайт. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, көчмө жыйында республикалык бюджеттин "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 2022-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында каралган курулуш, оңдоп-түзөө иштери тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы угулду. Ошондой эле аталган облустардагы өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине байланышкан маселелер талкууланды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин төрагасы жана өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Акылбек Жапаров келерки жылы 20 медициналык мекеме, 24 мектеп куруу, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочуларына шарттарды түзүү пландалып жатканын билдирди. Муну менен катар быйыл ирригациялык системаны өнүктүрүүгө 1 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөнүн эске салды. Ошондой эле бюджеттин тартыштыгынан улам социалдык төлөмдөрдүн (маяна, жөлөкпул, пенсия) көлөмү кыскарбайт деп ишендирди.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин жана сын-пикирлерин эске алуу менен үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимине келишти.

