super.kg logo

"Бишкек машина куруу заводунун" 62 гектар жери баланска кайра кайтарылды

 
Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Ново-Павловка айылында жайгашкан акцияларынын 75,8 пайызы мамлекетке таандык болгон "Бишкек машина куруу заводу" ААКга таандык жалпы аянты 62 гектар жер участогун сатуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Текшерүүдө, айрым адамдардын укукка каршы жосундарынын натыйжасында "БМЗ" ААКсынын башкармалыгынын протоколун жана чечимин, ошондой эле бул жер участогун сатып алуу-сатуу бүтүмүн тариздөө үчүн ишеним катты жасалмалоо жолу менен 62 гектар жер участогуна менчик укугу үчүнчү жактарга мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан "БМЗ" ААК башкармалыгынын мүчөлөрүнүн 2018-жылдагы жыйынынын чечимин жана протоколун, ошондой эле жалпы аянты 62 гектар жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө Сокулук райондук сотуна доо арызы берилген. Натыйжада соттун чечимдери менен прокуратуранын доо талаптары толугу менен канааттандырылып, алар жараксыз деп табылган", - деп билдиришти прокуратурадан.
Жыйынтыгында, жалпы баасы 82 миллион 460 миң сомду түзгөн аянты 62 гектар болгон жер тилкеси "БМЗ" ААКсынын башкармалыгынын чечими менен баланска кабыл алынып, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алынды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: