super.kg logo

Кыргызстандын 48 жараны Түштүк Кореяга иштөөгө кетти

 

Кыргызстандын 48 жараны Корея Республикасында ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн алышты.Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигги тарабынан белгилүү болду.

Маалымдалгандай, аларды мыйзамдуу ишке орноштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык уюштурулган.

Акыркы агымда 450дөн ашык келишим кабыл алынган. Учурда биринчи топ кетип жатат, калгандары кезек менен кетишет.

"Быйыл Корея Республикасына 600дөн ашык жаран учуп кетти. Бул үчүн Бишкек-Инчхон каттамы боюнча чартердик рейс уюштурулган. Борбор тарабынан Кыргыз Республикасын жана анын эмгек ресурстарын таанытуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында алынган келишимдердин саны, ошондой эле Корея Республикасына кеткендердин саны эки эсеге өстү", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

EPS программасынын алкагында 15 жылдан бери Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасынын ишканаларында Кыргыз жарандарын ишке орноштурууда жана ийгиликтүү иш алып барууда. Меморандумду ишке ашыруу мезгилинде 5 миңден ашык жаран ийгиликтүү ишке орношту.

"Учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1 жарым миңге жакын жаран эмгектенет. Жумушка кеткендердин жалпы санынын ичинен алардын көпчүлүгү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жайынын ишканаларында иштешет; пластмасса, резина жана айнек буюмдарын жасоодо" - деп кошумчалашты министрликтен.

Корея Республикасында иштеген эмгек мигранттарынын орточо маянасы жатакана жана тамак-ашы иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда 1800 долларды түзөт.

Программанын негизги талабы – корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү. 2022-жылы 1500дөн ашык жаран корей тилин билүү деңгээлин аныктоо сынагына катышкан. 360 адам тесттен ийгиликтүү өтүп, Корея Республикасындагы иш берүүчүлөр тарабынан тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын 800 миңден ашуун жараны чет өлкөдө эмгектенип жатат. Анын ичинен Түштүк Кореяда 6,4 миң Кыргыз жараны бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.11.2022. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы super info кантип байланышсак болот бул долборго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: